Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев ИИМге суракка чакыртылды. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Өмүр жолумдагы өзүм туу туткан бир чындык бар. Ал өзүмдүн ичимдеги абийирди сатпоо. Кандай гана абал болбосун чындыкты сүйлөп, түз жүрүү. Саясий ишмердигимде коомдогу туура эмес окуяларды, саясий теңсиздикте ар дайым калыс сөзүмдү айтып келем. Убагында Белизгейт үчүн Сегизбаевди, ТЭЦ үчүн Исаковду катуу сындап, Атамбаев, Жээнбековдордун өкмөтүнүн ар бир туура эмес иштерине сын айтып, Текебаевди түрмөгө отургузганда да өзүмдүн позициямды өзгөртпөй, ар жакка өтө качпай, ар дайым бир нукта келе жатам. Ушул кезге чейин сөз эркиндиги бар үчүн коомдогу, саясаттагы бардык туура эмес иштерди айтып келдик. Мына ушул күн да келди", - деп жазат депутат.