Трамптын доосу боюнча АКШнын кээ бир аймактарында бюллетендер кайра саналмай болду

АКШнын Висконсин штатынын шайлоо комиссиясы добуштарды кайра саноо боюнча Дональд Трамптын доосун канааттандырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, добуштарды кайра саноо аталган штаттын Дайн жана Милуоки аймактарында болот. Трамптын тарапташтарынын пикиринде бул аймактарда добуш берүү мыйзамы бузулуп, жыйынтыкка таасир эткен. Мындан сырткары, Дональд Трамптын өкүлдөрү Мичиган, Аризона, Невада, Пенсильвания штаттарындагы бюллетендерди дагы кайра саноого арыз беришкен.

АКШдагы президенттик шайлоо 3-ноябрда өтүп, ага Дональд Трамп менен Жо Байден катышкан. Коронавирус пандемиясына байланыштуу добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгаруу кечеңдеп жатканы менен, Жо Байден керектүү добуш топтоп, жеңишке жетишкендигин көпчүлүк басылмалар жазып чыгышты. Ал эми Трамп бир топ аймактарда мыйзам бузууларга жол берилип, анын жеңиши уурдалганын айтып келет.

АКШнын мыйзамына ылайык, жаңы шайланган президент 20-январда кызматына расмий киришүүсү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2020-11-19 20:27:04
Бул дагы Артсан алайга окшоп артист негизи!))
Анан атамбаевке окшоп балп эттире берет!))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан