Индияда илбирстин кол салуусунан дыйкан жана анын уулу каза болду

Индиянын Махараштра штатында дыйкан жана анын уулу илбирстин кол салуусунан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

16-ноябрда, Махараштра штатындагы Апеагон кыштагынын 52 жаштагы Ашок Ауте жана анын 27 жаштагы уулу Кришна Ауте фермага иштегени кетишип, кайтып келген эмес. Жакын туугандары дайынсыз болгондорду издөө үчүн токой чарба башкармалыгынан жардам сураган. Издөө иштеринин натыйжасында фермада жырткыч жаныбардын кол салган издери менен дайынсыз болгон дыйкандын жана анын уулунун сөөгүн табышкан.

"Токой чарба департаментинин өкүлдөрү жырткычты кармоо үчүн аймакка камераларды жана капастарды орнотууну чечишкен. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө мыйзам чегинде компенсация төлөнүп берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан