"Мен бутумду жоготкон жокмун, бирок жаңы жашоо таптым". Германиянын тургуну бутун өз каалоосу менен кестирип салды
Германиянын тургуну жактырбаган бутун кесүү анын жашоосундагы эң туура чечим деп эсептейт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Лиза Ширдин 12 жашында оң буту жабыркагандыктан ага сөөктүн залалдуу шишиги диагнозу коюлган. Залалдуу шишикти алып салгандан жана эки жылдык химиотерапиядан кийин оору басаңдап, бирок жабыркаган буту ичкерип алсыз бойдон калган. Кыз аны башкалардан жашырууга аракет кылып, 14 жыл бою таяк менен жүргөн.
Андан соң ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен пикир алышып, бутун кестирүү тууралуу ойлонгон. Туугандары жана достору аны көндүрүүгө аракет кылышкан, бирок ал өзүнө өзү талап кылган. Кыздын өтүнүчү боюнча анын буту тизеден өйдө кесилген. Операция анын көйгөйлөрүн депрессия жана өнөкөт оорудан арылтты.
"Мен бутумду жаман көрчүмүн. Анын алып келген азабынан депрессияга кабылдым. Мен бир нерсени өзгөрткүм келди, бирок доктурлар мага эч нерсе кылба деп кайра-кайра айтышты. Мен бутумду жоготкон жокмун, бирок жаңы жашоо таптым", - деп билдирген ал.