Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бир канча продукциянын түрүн экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Республиканын азык-түлүк коопсуздугу боюнча мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашыруу максатында, айыл чарба продукциясынын бааларын мамлекеттик жөнгө салууну жана социалдык жактан маанилүү товарларды экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо. Азыркы оор кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарларга баанын өсүшүн эске алып, тез арада чечүү маанилүү. Ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар", - деп жазды ал.
Тыюу салынгандар: Жылкы, ири мүйүздүү тирүү мал, койлор жана эчкилер, үй канаттуулары: тоок, өрдөк, каз, үндүк жана куштар, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер, тоок жумурткасы, йоддолгон туз, тоют.