Дүйнөдө англис тилин мыкты билген өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды. Кыргыз өлкөсү 96-орунда

Англис тилдүү эмес өлкөлөр арасында өткөн рейтингде Кыргыз өлкөсү англис тилин билүү деңгээли боюнча 100 мамлекеттин ичинен 96-орунду ээледи. Бул тууралуу "Education First English Proficiency Index" расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, англис тилин билүү боюнча Нидерланды биринчи орунда турат. Ал эми Казакстан былтыркы жылга салыштырмалуу 1 тепкич өйдөгө чыккан. Өзбекстан болсо 95-тизмеден 88ге көтөрүлгөн. Былтыркы жылы бул рейтингге кирбей калган Тажикстан быйыл эң акыркы орунду алган.

"Эл аралык рейтингдин 10-басылмасы дүйнө боюнча 100 өлкөдөгү 2,2 миллиондон ашык калкты тестирлөөнүн жыйынтыгында чыгарылган. Рейтингде мамлекеттерде англис тилин билүү деңгээли 5 баскычка бөлүнгөн: өтө жогору, жогору, орто, төмөн жана өтө төмөн деңгээл", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсү былтыр бул рейтингде 99-орунда болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kyrgyz_bloger
2020-11-20 10:24:35
Сирия,Афганистан,Пакистан,Армения олколору бизден алдыда экен тан калычтуу.
+1
eddi.
2020-11-20 10:58:17
Англис тилин мындай кой,Кыргызстанда жашаган башка улуттун адамдары кыргыз тилин үйрөнүп алышсынчы
+5
bond02
2020-11-20 11:02:28
Англис тилин эмес кыргыз тилин билбеген жаш муун осуп келатат Кыргызстанда.
+6
Agayu
2020-11-20 12:17:37
Афганистан Пакистан Индия ж.б өлкөлөр Англиянын карамагында турган.Туура канча тил билсең , ошончо адамсың .Эң жаман бир нерсеге байланып калбаш керек .Жашоо баарыбызга бирдей , бирок аракетибизге гана жараша жашайбыз.
+3
Mubarak
2020-11-20 14:36:02
Албетте тилди билиш кк англис тили дуйнолук тил азыр технология онугуп жатат тех.жакшы тушунуу иштоо учун англис тили кк балдарыбызга уйротушубуз кк
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан