Жалал-Абаддагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборундагы техникалар кургак учукка каршы күрөшүү борборуна которулду

Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборундагы микробиологиялык ыкчам мобилдик лабораториянын техникалык жабдыктары, облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна которулду.

Аба ырайынын төмөндөгөнүнө байланыштуу мындан ары коронавирус илдетине чалдыккандардын лабораториялык иштери аталган жайда аныкталып, жарандардын анализдерин кабыл алуу облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда улантылат. Атайын техника ушул жылдын март айынан тарта иштеп келе жаткан.

20-ноябрдагы жумуштар менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков барып жеринен таанышты. Медицина кызматкерлеринин иш алып баруудагы жаралган маселелерин угуп, тийиштүү иш жүрөрүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан