Орусиянын Санкт-Петербург шаарында муниципалдык депутат президент Владимир Путиндин портретин айрып салгандыгы үчүн ага кандай чара көрүлөрү тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Санкт-Петербургдагы депутат Никита Юферев жазуучу Александр Пушкиндин сүрөтүн администрациянын кеңселеринин бирине илип койгон. Бир нече күндөн кийин ал портреттин ордуна президент Путиндин сүрөтү илинип калганын көрүп, Юферев аны айрып салган. Аны көргөн кызматкер полиция чакырган. Ага карата чара көрүү керектиги тууралуу укук коргоочу Павел Чиков билдирди.
"Пушкиндин сүрөтү жолугушуу бөлмөсүнөн көрүнбөй калды. Мен депутаттык жооп чараларын көрүшүм керек болчу", - деп жазган Юферев.