Дүйнөдөгү эң кымбат коргонуучу бет кап жарыяланды

Forbes журналы дүйнөдөгү эң кымбат коргонуучу бет капты жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган бет кап 250 грамм 18 караттык алтындан жасалган жана жалпы салмагы 210 карат болгон 3608 табигый кара жана ак бриллиант менен кооздолгон аксессуар. Анын наркы 1 миллион 500 миң долларды (127 миллион 183 миң 454 сом) түзөт. Бет капты Лос-Анжелестен келген кытай ишкеринин буйругу менен израилдин зергерчилик компаниясы иштеп чыккан. Буйрутма берген адам белгисиз бойдон калууну каалаган, бирок ал коллекционер экендиги белгилүү болгон.
Мындан тышкары, анын талаптарынын бири жогорку деңгээлде корголушу керек жана зыяндуу бөлүкчөлөрдүн өтүшүнө жол берилбеши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kadyr83
2020-11-20 19:41:39
183миллиону ашыкча го.
0
kadyr83
2020-11-20 19:42:56
Укмуш кооз
0
Invests
2020-11-20 19:56:47
127 милион 187 милион 454 мин сом
+2
Asmat84
2020-11-20 19:57:05
Индиялык беле же пакистандыкпы эсимде жок бир бизнесмен алтындан ушундай кымбат беткап жасатып тагынып жүргөн эле. Бирок баардык нерсе бир алладан башка эч ким сактай албайт демекчи ал кишини да ушул ковидден каза болду деп жакында эле жазып чыгышты го
+4
Jibakana
2020-11-20 20:02:10
Asmat84,индиядан деп жургон интернетте алтындан жазалган маска деп
+2
rola
2020-11-20 20:01:22
Индияда да алтындан бет кап жасаткан адам вирустан отуп кеттиго.Кудай сактайм десе бет капсыз деле сактап колдойт.
+5
Umka..00
2020-11-20 21:35:17
Акчасын каяка коротоорун билбей жургон байкуштар тагынатда
+1
Jibakana
2020-11-20 22:54:00
Umka..00,Ошо да мага биир аз акча берип турса мама менен иниме уй чалып берет элем))
+2
Baatirbek81
2020-11-20 21:55:55
Оляям кетсин деп койюшчу беле!
Ёлкиники десе))))
+1
Aimani
2020-11-21 01:43:57
Мындан ары маска деле көйнөк, жоолук же шарф сыяктуу аксессуарга айланат окшойт. Мода болуп улам түрлөрү чыгып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан