Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC'ге расмий түрдө кайтып келгенин жарыялады

Ирландиянын аралаш мушташ боюнча чебери Конор Макгрегор UFC'ге расмий түрдө кайтып келгенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты.

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону ирландиялык мушкер карьерасына үчүнчү ирет кайтып келди. Ал 32 жаштагы америкалык мушкер Дастин Порье менен түзүлгөн келишимдин негизинде мушташат.

Ушул жылдын 11-ноябрда UFC президенти Дана Уайт Дастин Порье мушташ үчүн келишим түзгөнүн айткан. Конор Макгрегордун катышуусундагы мушташ 2021-жылдын 23-январында боло турганы белгиленген.

Макгрегор менен Порье буга чейин 2014-жылы UFC уюмунун колдоосу астында мушташкан. Анда ирландиялык мушкер нокаут менен жеңишке жеткени маалым болгон.

Конор Макгрегор акыркы беттешин 2020-жылдын 19-январында UFC 246 турниринин алкагында америкалык Дональд Серронеге каршы өткөргөн. Анда Макгрегор атаандашын 40 секундда нокаутка учураткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Moskva93
2020-11-21 04:31:46
Петух
+1
Pchelka85
2020-11-21 11:00:29
Бул келип кетип эле журо берет экен го
+2
Arzybekkg
2020-11-21 11:59:28
Биздин Бабанов сыяктуу экен кеттим деп алып кайра кайтып келдим дей берет... Булардын коронный фишкасы
+7
Urmat78
2020-11-21 12:17:01
Эркек бир суйлойт,болбосо коп суйлойт экенда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан