Кийинки аптада парламентте республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 25-ноябрда саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында отурум өтөт. Анда "2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралат. Баяндаманы өкмөт өкүлдөрү жасайт.