Дональд Трамп шайлоодо аз добуш алып калганына кимдер күнөөлүү экенин атады

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп шайлоодо аз добуш алып калганына ким күнөөлүү экенин айтып чыкты. Айтымында, өлкөдөгү ири фармацевтикалык, технологиялык компаниялар жана массалык маалымат каражаттары анын аз добуш алып, жеңилүү ызаасын тартуусуна аракет кылышкан. Анын пикирин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Ири фармацевтикалык компаниялар шайлоо алдында мага каршы миллиондогон долларды чапчыган негативдүү жарнама чыгарышкан. Демек, мен жеңдим. Бирок билесиңерби, биз муну аныктайбыз. Дээрлик 74 миллион добуш. Ири фармацевтикалык компаниялар бизге каршы болушту. Жалпыга маалымдоо каражаттары бизге каршы болду. Чоң технологиялык компаниялар да бизге каршы болушту", - деген ал.

Ошондой эле Трамп дары каражаттарын өндүргөн "Pfizer" ири компаниясына доо койгон. Анын пикиринде аталган компания ("BioNTech" немис компаниясы менен өндүргөн) коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын ийгиликтүү жыйынтыгын жарыялоону атайын кечеңдеткен. Бул Трамптын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатпоо үчүн жасалган деп айтылат маалыматта.

АКШдагы президенттик шайлоо 3-ноябрда өтүп, ага Дональд Трамп менен Жо Байден катышкан. Коронавирус пандемиясына байланыштуу добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгаруу кечеңдеп жатканы менен, Жо Байден керектүү добуш топтоп, жеңишке жетишкендигин көпчүлүк басылмалар жазышты. Ал эми Трамп бир топ аймактарда мыйзам бузууларга жол берилип, анын жеңиши уурдалганын айтып келет.

АКШнын мыйзамына ылайык, жаңы шайланган президент 20-январда кызматына расмий киришүүсү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Pankration_MMA
2020-11-21 16:00:47
Жеңилип калгандан кийин эркекче эле мойнуңа алып кете берда, ар нерсени бир дөөрүп ыйлактабай!
+6
Talantus
2020-11-21 16:15:13
Кебетеси мышык эле.
+3
salimbek87.kg
2020-11-21 21:39:25
Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп жатат женилдинби кете берда .
+1
Asyl.jazi
2020-11-22 11:15:30
Озунун башындагы тоону корбой, бироонун башындагы чопту корот экен да бул Трамп
0
Salixa.
2020-11-22 11:43:36
Дональд Трамптан Жөө Байдын кандай айырмасы бар???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан