Өлкөнүн аймактарында азык-түлүккө болгон бааларга анализ жүргүзүлүп, ага ылайык, айрым тамак-аштын баасы жогорулаган. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. Анда министрликтин аймактар аралык башкы башкармалыгы Бишкек шарындагы жана өлкөнүн облустарындагы базарлардагы азык-түлүктүн баасына анализ жасаган.
"5-ноябрдан 19-ноябрга чейинки анализге ылайык, кумшекер жана өсүмдүк майына болгон баалар өскөн.
* Бишкектеги базарларда кумшекердин баасы 50-52 сомду түзүп, өзгөрүүсүз бойдон калган. Ал эми Кочкор районунда, Кара-Балта, Каракол жана Чолпон-Ата шаарында кумшекерге болгон баа 1 сомго көтөрүлүп, 48-50 сомду түзгөн.
* Бишкек шаарында 1 литр өсүмдүк майы 103 сомдон 130 сомго чейин сатылып, эки апта аралыгында 5 сомго жогорулаган. Мындан тышкары Ош шаарында жана Кочкор районунда да өсүмдүк майынын баасы 5 сомго көтөрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.