Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте "Референдумга жол жок!" аталышындагы тынчтык акциясы болду. Анда Конституциянын жаңы редакциясына каршы болгондор темир жол бекетинен "Ала-Тоо" аянтына чейин жөө жүрүш жасашты.
Иш-чаранын катышуучуларынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тынчтык жүрүшүнө жөнөкөй жарандан тартып, эл өкүлдөрү дагы чыкканын айтты. Ал журналисттердин "Конституциянын жаңы мыйзамына каршы чыгып жаткандарга Садыр Жапаров же анын тарапташтары тарабынан кандайдыр бир басымдар болуп жатабы?" деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп узатты.
Ал эми Конституциянын жаңы редакциясы жарыялангандан кийин бир катар депутаттар кол койбогондорун айтып чыгышкан. "Кол койду деген депутаттардын саны коомго айтылгандан да аз болушу мүмкүнбү?" деген суроого депутат мындай дейт.
Суроо: "Парламенттин азыркы курамы Конституцияга өзгөртүү киргизе албайт деген пикирлер чынбы?".
Жооп: "Бул пикир эмес, туура эле нерсе. Венеция комиссиясында биздин парламент өзүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин иштеп, бүтүндөй мамлекетке таасир эте турган чечимдерди кабыл албоосу керек деп көрсөтүлгөн. Парламент түзөтүүлөрдү киргизе алышы мүмкүн, бирок өзгөртүү киргизе албайт".