Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууга каршы "Референдумга жол жок!" аталышындагы тынчтык жүрүшү болду.
Акциянын катышуучулары темир жол бекетинен баштап "Ала-Тоо" аянтына чейин жөө жүрүш жасашып, баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүдөн баш тартууну талап кылышты.
Жалпы 500 дөй адам катышкан жүрүшкө президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, мурдагы акыйкатчы жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаев, активист Улан Үсөйүн катышты.