Бишкекте жасалма номер тагып унаа башкарган айдоочу кармалды

Бишкекте жасалма номер менен унаа башкарган айдоочу кармалды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, окуя 22-ноябрга караган түнү саат 00:25 чамасында болгон.

Белгилүү болгондой, Жибек Жолу менен Айтматов кең көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Виндом үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номери шек жаратып, кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган. Унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда мамлекеттик номери техникалык күбөлүктөгү номерге дал келбей турганы, номер жасалма экендиги аныкталды.

Бул факты боюнча унаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, айдоочу 1997-жылы туулган К.Т. Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилгенин билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан