Каныбек Иманалиев: "Жаңы президент, жаңы парламент шайланмайынча Конституцияны өзгөртүүгө болбойт"

Жаңы президент, жаңы парламент шайланмайынча Конституцияны өзгөртүүгө болбойт. Мындай пикирин президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев бүгүн, 22-ноябрда өткөн "Референдумга каршы!" тынчтык жүрүшүндө билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, мөөнөтү бүткөн парламенттин Конституцияны кабыл алууга моралдык угугу жок.

"Бизде Венециялык комиссиянын жыйынтыгы бар. Ага ылайык мөөнөтү бүтүп бараткан парламенттин жаңы Конституциянын демилгечиси болууга моралдык, саясий укугу жок. Мындан сырткары кечээ саясий кеңешменин жыйынын көрдүк. Мен урматтаган профессорлор Илимдер академиясынын же Бишкек шаарынын уставын кабыл алышкан жок да. Региондордогу өкүлдөр кайда? Ош университетинин, Нарын университетинин профессорлору кайда? Же аларды артта калгандар деп эсептешеби? Азыркы долбоор тар чөйрөдөгү адамдардын легитимсиз аракети. Кийинки жылы жаңы президент, жаңы парламент шайланып келгенде гана жаңы Конституцияны кабыл алууга мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Сания Токтогазиева, Таттуу Эргешбаева, Клара Сооронкулова, Чолпон Жакупова сыяктуу адамдар коомдук пикирдин лидерлери болуп турушат. Алардын катышуусусуз даярдалган Конституциянын долбоорун демократиялык дегенге болбойт", - деди Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Simels
2020-11-22 16:06:08
"Сания Токтогазиева, Таттуу Эргешбаева, Клара Сооронкулова, Чолпон Жакупова сыяктуу адамдар коомдук пикирдин лидерлери болуп турушат" - Эч кандай коомдун, элдин пикирин айтышкан жок! Алар жана Иманалиев ж.у.с элдин кызыкчылыгын ойлогон жок! НПОшниктердин, Америкалыктардын акчаларын алып алып ошолордун принциптерин жактап жатышат! Жаңы Конституция кабыл алынат аны эл колдойт!
+4
NURSAPAR
2020-11-22 16:16:50
Эээ б.к Конституция жакшы болсо,эмнеге ушул убакка чейин оңолбойбуз
+3
asyl1998
2020-11-22 17:50:16
Садыр Жапаровтун жөө жомогуна ишенип калбагыла эл журт.
-3
bekhaliev
2020-11-23 00:35:40
asyl1998,ото начар адам экенсин, ушунча жазган комент жакшы созун барбы
+1
make2
2020-11-22 18:18:26
Жаңы конституцияда Президент эки срок шайланат, айыл өкмөткө чейин өзү шайлайт, интернетке, журналистерге чектөөлөр дана ушул сыяктуу элге каршы статьялар көп экен, муну эл колдобойт, колдоп жаткандар фейктер, анан кошоматчылар эле
-4
Deimon1990
2020-11-22 19:21:28
Кошоматты мына Каныбек сыяктуу журттун тагдырын ойлобогон батышчыл саясатчы сөрөйлөр кылып жатышат.
Бизге ушундай башкаруу системасы керек.Андай кылып президент көзөмөлгө албаса даже айыл башчысына чейин өз көмөчүнө күл тартып калды.Өлкөнүн келечегин,карызын ойлогон эчким жок.Кытайдын деле карызы көп деп тоготпой турушат уялбай.Кытай ким биз ким.Тим эле Кыргызстанды Америкадай кылып өнүктүрүп коюшкансып балп этишет.Эшек такалап жүрдүңөрбү ушул убака чейин мыйзамыңарды иштетпей.
+5
asyl1998
2020-11-22 19:27:31
Садыр элдин убалына калып жатасын
-6
Nurik1988
2020-11-22 22:27:27
Бу иттер ушул конституциясы менен жок кылгысы келип атат окшойт Кыргызстанды ушунча жединер тонодунар карызга батырдынар жоголгулачы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан