"Элес" тобунун мурдагы клавишалык аспапта ойноочусу Сергей Решетников ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж. Бул тууралуу анын жубайы Анастасия Решетникова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, Сергей Решетников ишемиялык инсультка кабылган.
"11-октябрда менин жолдошум Сергейде инсульт болду. Ал бир апта бою жандандыруу бөлүмүндө, 3 жума ооруканада жатты, алдыда реабилитация бар. Мен инсульт эмне экенин түшүндүрбөй эле коёюн. Эгерде кыскача айта турган болсом, анда бул мээдеги кан айлануунун кескин бузулушу жана бул бир гана улуу муундагы адамдарда эле болбойт.
Сергейдин денесинин оң жагы жабыркоодо, өзгөчө оң колу, ал эми сүйлөгөнү жакшы. Менин жолдошум таланттуу композитор, аранжировкачы. Көпчүлүгүңөр анын катышуусундагы көрсөтүүлөрдү көрсөңөр керек, ал биринчи каналда оркестрдин клавишниги болуп эмгектенет. Көптөгөн белгилүү өнөр адамдары менен иштешкен", - деп жазылат жубайынын кайрылуусунда.
Жубайы Анастасиянын айтымында, жолдошунун андан ары дарылануусу жана калыбына келүүсү үчүн чоң суммадагы каражатты талап кылат.
"Бул кырсык мындайча башталган. 2019-жылдын 27-декабрында ал колун чыканагынан сындырып алгандыгы менен бардыгы татаалдашууда. Операция жүргүзүлүп, ага медициналык темир коюлган,ал ушул жылдын декабрь айында алынышы керек болчу. Азыр болсо ага наркоз берүүгө болбойт, ага ошо бойдон жүрүүгө туура келет, ошол эле учурда колду да калыбына келтирүү керек.
Мен эч качан өзүм үчүн же үй-бүлөбүз үчүн жардам сураган эмесмин, бирок азыр биз чындыгында муктаж болуп турабыз", - деп билдирген ал.
Кимде жардам берүүгө каалоо жана мүмкүнчүлүк болсо:
Сбербанк карта: 5336 6903 1144 0897
тел. +79168528316
+7 916 131 56 03