Интернетке 6 жаштагы баланын сабалган сүрөтү тарап, токмоктогон кишиге карата чара көрүлбөй жатканы айтылган. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын маалымдашты.
18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы А.Э. аттуу келин кайрылган.
"Арыздануучу 33 жаштагы А.Б. аттуу күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.
Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы Сокулук РИИБине өткөрүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда милиция кызматкерлери баланы сабады деген адамды кармап, ички иштер бөлүмүнө алып келүү иштерин жүргүзүп жатышат", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, бул ишти өлкөнүн Ички иштер министрлиги менен Чүй ОИИББи өз көзөмөлүнө алды. Сотко чейинки ачылган өндүрүш ишинин алкагында териштирүү улантылып жатканын кошумчалашты.