Самарканддагы соода борборлордун биринде бир убакта эки адам өлтүрүү болду. Анда күйөөсү аялын жана анын көңүлдөшүн бычактаган . Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, киши өлтүрүү 20-ноябрь күнү кечинде саат 18:00 чамасында Мирзо Улугбек көчөсүндөгү соода комплекстеринин биринде болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, жашы кырктар чамасындагы киши эки жаранга бычак менен кол салып, аларга оор жаракат келтирген, андан кийин алар катуу кан жоготуудан улам жеринде каза болушкан.
"Алдын ала маалымат боюнча, Пастдаргом районунун тургуну (1978-жылы туулган, ишкер) жубайын жана жубайынын көңүлдөшү деп шек санап жүргөн адамдарды аңдып,артынан дүкөнгө кирген. Колуна бычак алган күйөөсү экөөнү тең эл алдында өлтүрүп салган", - деп жазылат маалыматта.