Жактоочу: "Сокулукта катуу сабалган 6 жаштагы баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазды"

Буга чейин социалдык тармактарда 6 жаштагы баланын сабалган сүрөтү тарап, токмоктогон кишиге карата чара көрүлбөй жатканы айтылган. Ал эми бул иш боюнча бүгүн 23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы окуя Сокулукта болгонун, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын билдирди.

Кийин өзүн баланын апасынын таанышымын деген Индира аттуу интернет колдонуучусу баланы анын өгөй атасы сабаганын, алар "102" кызматына чалып жардам сурап, 5 сааттай күтүп бирок келбегенин, эртеси №3 ооруканага баланын көздөрү шишип, бир көзү кансырап, мээси чайкалган абалда жаткырылганын жазып чыккан.

Ошол эле учурда Индира айымга байланышканыбызда, анын таанышы жолдошун кечиргенин билдирип, окуянын чоо-жайын айтуудан баш тартты.

Бул окуя боюнча жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаровго байланышканыбызда баланын апасы тосмо арыз жазып бергенин билдирди.

"Бала 21-ноябрда ооруканадан чыгарылган. Себеби, баланын апасы боюнан түшүп калуу коркунучу менен ооруканага түшкөндөн кийин баланы карай турган киши жоктугуна байланыштуу таенеси чыгарып кеткен. Учурда бала Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда. Биз азыр эле кабар алдык. Баланын абалы жакшы.

Ал эми баланын апасы тосмо арызын жазып берди. Мен дагы сүйлөштүм, жазасын алуу керектигин түшүндүрүп, бирок биз алардын оюна каршы чыга албайбыз.

Негизинен бул окуяга 1 апта болуп баратат. Резенанстуу иш болуп кеткен үчүн бул иш өтө кылдат каралат. Күбөлөр дагы үстүнө чыгып алып сабаган деп айтып жатышат да", - деп билдирди жактоочу Шердор Абдыкапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aik87
2020-11-23 16:17:50
Баланын тагдырын ойлобойт экен да апасы.Жашаба ошондой шакал менен.Озуну эле ойлобой баланы да ойло.Таштап кеткен атасы да акмак.
+11
ninja82
2020-11-23 16:36:23
шакал колун сынсын сенин.
+2
Nursul
2020-11-23 16:49:10
Ушундай нерселерди көрсөм жүрөгүм тилинип кеткендей болот кантип деген суроо келет да ушунча кантип урушат кантип ушундай мыкачы адам да болобу колуң сынгыр өмүр бою өкүнүп өтсөң экен зокур
+2
Arzybekkg
2020-11-23 17:11:01
Тосмо арызды каравай факт менен жообко тартса болот... Камагыла зоокуду
+6
ika8086
2020-11-23 18:38:00
байкуш балдарга эле кыйын ортодо чайналып.Эр сорой мн эрге суусап олуп бараткан аялдарга таң калам уул-кыздарын туртунчук кылып,жер көз кылып кыйнап бутмой болушту.Колу сынгыр айбан урган колдору шал болгур.Көзун көрүп адам коркот байкушум ииииии омур омур бою эсинен кеткис кылып журогун тилиптирсинер.
+6
iamjuma
2020-11-23 21:44:39
Тосмо арыз берген менен бутпойт. Баланын укугу деген бар.
0
JaneEr
2020-11-23 23:43:37
Кор эле болупткр кайран бала...Атасы эмне кылып жатат экен,огой атасына урдуруп коюп...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан