Кечээ, 22-ноябрда болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Л.Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен сабап жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматы барганда 1967-жылы туулган О.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам изилдөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган Б.А. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.