"Тёплые ключи" санаториясында колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган бала 6-ноябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына каза болгон баланын айылдаштары билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум Кочкор районуна караштуу айылдардын биринин тургуну, үйдүн улуу баласы. Ата-энеси 6-ноябрдан бери аны издеп жатышкан. Бирок милицияга кабар берген эмес.
"9-классты бүткөндөн кийин шаарда ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн. Азыр айылга баланын сөөгү келе элек. Шаарда экспертизада дешти. Бүгүн, 24-ноябрда келет деп, туугандары күтүп жатышат", - деди атын атагысы келбеген айылдашы.
Окуянын чоо-жайы:
21-ноябрда болжол менен саат 13:13тө Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тёплые ключи" санаториясында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барып, колу-буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жаранды аныкташкан.
Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.