Кытай "бир үй-бүлө - бир бала" саясатынан баш тартат

Кытайда калктын санын көбөйтүү максатында көп жылдык "бир үй-бүлө - бир бала" саясатынан баш тартат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Пекинде 2021-жылдан 2025-жылга чейин демографиялык саясат жүргүзүү күтүлүүдө. Аталган саясат балдардын төрөлүшүнүн санын көбөйтүүгө багытталат.

Кытайда "бир үй-бүлө - бир бала" саясаты 1978-жылы киргизилген. Мында бир үй-бүлө бир гана балалуу болууга укуктуу болгон. Андан соң, 2016-жылы бул саясат жеңилдетилип, бир үй-бүлөгө 2 балалуу болууга уруксат берилген. Буга карабастан акыркы жылдары балдардын төрөлүшүнүн саны кескин кыскарып кеткен. Мындан улам аталган өлкөдө демографиялык саясат жүргүзүү пландалууда.

"Калктын улгайып кетишине каршы күрөшүү үчүн тез аранын ичинде үй-бүлөдө балдардын төрөлүшүнүн санын көбөйтүү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.

Өзбекстанда кыздын кыздык белгисин текшерген аялдарга кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asel69
2020-11-24 11:30:33
Эми Кытайлар уч торт эсе тездик менен кобоет. Кытайда жер тартыш, жакын арада борбор азияны коздой жыла башташат.
+3
IneSa
2020-11-24 13:04:55
Кытайда бала торолбосо делей койсо болот.
Озу кооп дагы каягына батырышат.
+3
rola
2020-11-24 13:19:45
Вирус жуктуруп элди согушсуз кырып атат.Эми оздору кобое беришет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан