"SpaceX" жана "Tesla" компанияларынын башчысы Илон Маск "Microsoft" ишканасынын негиздөөчүсү Билл Гейтсти артта калтырып, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу "Bloomberg Billionaires Index" рейтингине таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Илон Масктын байлыгы бир жыл ичинде 100,3 миллиард долларга өсүп, учурда 127,9 миллиард долларга жетти. Үчүнчү орунга түшүп калган Билл Гейтстин капчыгында 127,7 миллиард доллар бар.
Ошондой эле эң бай адамдардын бештигине "Louis Vuitton Moët Hennessy" компаниясынын президенти Бернар Арно жана Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг кирет", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул жылы чоң ийгиликке жетишкен Илон Масктын "Tesla Motors" компаниясы 2003-жылы негизделген. Ал негизинен электромобилдерди жана ага тиешелүү жабдууларды өндүрөт.