Жалал-Абадда уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Милиция уурулук менен алектенген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер Сузак районунун айылдарынын бириндеги дүкөндүн арткы эшигин сындырып кирип, кассадагы 300 миң сом акчасын, 100 миң сомдук товарын жана сыртта турган “Дэу-Лабо” үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинен документтери менен кошо 10 миң сом акчасын уурдап кетишкендигин атйып, үй ээси милицияга арыз менен кайрылган.

Жабырлануучу жалпы 410 миң сомдук материалдык зыян тарткандыгын билдирген.

"Аталган факты Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурдоо" беренси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул окуянын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип Ош облусунун 4 тургуну кармалган. Алар: 1997-жылы туулган Г.А., П.М., К.У. жана 1999-жылы туулган А.Э. болгон.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айында Ош шаардык соту тарабынан Ош шаарынын тургуну 1999-жылы туулган А.Э.нин үстүнөн издөө жарыяланган. Тергөөнүн жүрүшүндө 1997-жылы туулган К.У. 1999-жылы туулган А.Э. карата шектүү тууралуу кабарлама берилип, шектүүлөр 2 айга убактылуу кармаоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан