UFC уюмунун президенти Дана Уайт "UFC 255" турниринде чемпиондук курун коргоп калган Валентина Шевченконун кийинки атаандашы бразилиялык мушкер Жессика Андрадени атады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты.
"Менин оюмча, Валентина Шевченко менен Жессика Андраденин беттеши кызыктуу болот. Жессика Андраде Шевченкого татыктуу атаандаш экендигин баарыбыз билебиз. Бул беттеш Шевченко үчүн чыныгы көйгөйгө айланат", - деген Дана Уайт.
29 жаштагы Жессика Андраде карьерасында жалпы 29 беттеш өткөрсө, анын ичинен 21 жолу жеңүүчү аталып, 8 ирет жеңилүү ызасын тарткан.
22-ноябрда өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калды.