Чүй облусунун Сокулук районунда катуу сабалган 6 жашар баланын апасынын жактоочусу алар менен иштешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, баланын апасы башында берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, күйөөсүнө болушуп баштаган.
"Мен алардын жактоочусу болуудан баш тарттым. Ал күйөөсүнө болушуп, аны коргоп баштады, "баламды сабаган эмес, мен бул окуяны оюмдан чыгарып койгом" дейт. Ошол себептүү моралдык абийирим кымбат деп туруп баш тарттым. Башында жабырлануучу тарап мага тааныштар аркылуу кайрылышкан, алар дагы жардам берип коюңуз деп өтүнүшкөн, мен жардам бергенге макулдугумду берип, окуянын башынан тарта ушул күнгө чейин жүрдүм.
Биз "102" кызматын чакырдык, 5-6 саат күттүк. Эртеси анан №3 балдар ооруканасына алып барганда алар баланын абалын көрүп милиция чакырышты. Иш Сокулук РИИБине өткөндөн кийин мен тергөөчүгө чалсам, "бизге силер үйрөтөсүңөрбү, кандай берене коюшту өзүбүз билебиз" деп жатышты. Мен болсо, шектүүнүн камалуусун аягына чейин талап кылдым. Алар болсо камабай келишкен.
Акыры биз бул маалыматты социалдык тармактарга таратып, окуя резонанс жаратып тарап баштаганда анан камады. Негизи мындай сабалган балдар толтура, күнүгө зомбулук көрүп жүргөн өспүрүмдөр көп да. Бул резонанстуу окуя болуп кеткен үчүн көпчүлүгү пайдаланып жатышат.
Бул окуя коомго тарай электе 7 күн жатты, бирөө дагы басып келген жок. Милициясы дагы, дарыгери дагы. Анан тарагандан кийин баланы коргоп жатабыз деген укук коргоочулар, ар кандай уюмдар, фонддор уялыш керек. Улуу муундагы эле эжелер экен, коргой турган балдар көп, бардыгына бирдей көмөк көрсөтөлү дейт элем.
Бүгүн мен баланын апасына чалып сүйлөшсөм, ал "мен күйөөм менен чогуу жашайм, ал сабаган эмес, эч нерсе кылган эмес" деп өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартканда, мен дагы баланы коргоорумду билдирип, алар менен иштешүүдөн баш тартканымды билдирдим", - дейт жактоочу Шердор Абдыкапаров.
Окуянын чоо-жайы:
18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Арыздануучу 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.
Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кийин жабырлануучу жактын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин, баланы №3 ооруканадан 21-ноябрда таенеси чыгарып, Нарын облусунун Ат-Башы районуна алып кеткендигин билдирген.