Чүй районунун аймагында мал уурдоого шектелип 20 жаштагы 4 жаран кармалды

Чүй районунун аймагында мал уурдоого шектүү 4 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2020-жылдын 20-ноябрында Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө Искра айылынын 36 жаштагы тургуну кайрылып, 19-ноябрь күнү сарайдан 90 миң сомго бааланган жылкысын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Бул фактыдан тышкары, Чүй РИИБине дагы бир ушундай арыз келип түшкөн. Андан соң Прогресс айылынын тургунунун 120 миң сомго бааланган эки баш малы уурдалган.

Бул фактылар Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам-изилдөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү катары төрт адам аныкталып кармалган. Алар 20 жаштагы О.Э., 19 жаштагы К.А., Ш.А., Ж.Э. аттуу жарандар болушкан.

Аталган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Чүй облусунун аймагында жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу териштирилүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан