Орусияда эркек адам 6 баласын балта менен өлтүрөм деп барымтага алды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Пролетар көчөсүндөгү батирде белгисиз жаран 6 баласын үйгө камап алып, балта менен өлтүрөм деп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун үйүнөн аялын кубалап чыгып, 6 баласын өзү менен кошо алып калып үйүн ичинен бекитип алган. Ал колунда балта бар экенин, эгерде талаптары аткарылбаса балдарынын бардыгын балта менен өлтүрө тургандыгын айткан.

Учурда укук коргоо органдары жеринде иш алып барышып, ал адам менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-11-24 19:56:25
Азыр адамдар рухий жактан ооруп калган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан