24-ноябрдан 25-ноябрга караган түнү саат болжол менен түнкү 01:30дар чамасында Бишкектин борбордук көчөлөрдүн бириндеги тез татым тамактануучу жайында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"25-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов районуна келип түшкөн алдын ала маалымат боюнча, Чүй кең көчөсү менен Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым тамактануучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 01:56да Свердлов райондук куткаруу кызматынан 1 бөлүм тартылган. Аталган тез татымдын 5 чарчы метр жери күйүп кеткен. Ал эми өрт толугу менен 2:40та өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.