Нарын шаарындагы ресторандын жанында ок атышуу болуп, бир адам жаракат алды

Нарын шаарындагы ресторандын жанында ок атышуу орун алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү саат 18:20 чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн 102 кызматына А. аттуу жаран шаардын Кулумбаев көчөсүндө жайгашкан "Корона" ресторанынын алдында ок атылды деген маалымат айткан. Анда белгисиз адам ок жеп, алган жаракатынан улам ооруканага алып кетишти деп билдирген.

Аталган билдирүү Нарын ШИИБинде каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда Нарын шаарынын тургуну 1997-жылы туулган тургуну К.А. жана 1999-жылы туулган Т.Э. уруша кетишип, Т.Э. жанындагы ок атуучу куралды алып чыгып, бир жолу атканда, көчөдө турган 23 жаштагы жарандын оң бутуна тийген. Андан кийин дагы К.А.га багыттап ок чыгарганы жатканда ал колунан кармап тоскоолдук кылып, ок курткасын тешип өтүп кеткен.

Ал эми жабырлануучу М.Д. ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан унаа менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуяны Нарын ШИИБи "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алып, тиешелүү экспертизалар дайындалган..

Азыркы учурда шектүүлөр аныкталып, аларды кармоо иш чарасы жүргүзүлүүдө. Жогорудагы жарандар уюшкан кылмыштуу топко эч кандай тиешеси жок деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-11-26 09:01:20
Чычкактар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан