Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында алдоо жолу менен унааны сатып жиберген шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБине Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында, сентябрь айынын акыркы ченинде Мерседес-Бенц Спринтер унасын, Каракол шаарынан Азамат аттуу адам сырдап берем деп алып, аны кийинчерек башка адамга 200 миӊ сомго сатып жиберген да качып кеткен.
Аталган факты Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жакында, Каракол шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү адамдын аты-жөнү такталып колго түшүрүлгөн. Ал Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну Ч.А. болуп чыгып, алгачкы тергөө сурагында күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Учурда, ага карата соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, кылмышка шектүү адам Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.