Бүгүн, 25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата бүгүн, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Бишкекте жыйын болуп өттү.
Анда айтылган маалыматка ылайык, акыркы жарым жыл ичинде жалпы 2 миң 19 зомбулук учур катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 60 пайызга көп.
“Үй-бүлөлүк зомбулукка ар бир адам туш болушу мүмкүн – бай же кедей, шаардык же айылдык. Дал ошол себептен гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан үй-бүлөлөрдү коргоо үчүн биздин аракетибизди биримдикке алып келишибиз керек”, - деп белгиледи конференция учурунда Кыргыз өлкөсүндөгү USAID'дин миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Алдер Бартлетт.
Кыргыз өлкөсүнүн укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча COVID-19 пандемиясындагы карантин учурунда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, Бишкек шаарында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 60 пайыздан ашык көрсөткүчкө жогорулаган.