Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында участкалык милиция кызматкерлери кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо максатында түнкү жана күндүзгү кайгуулга чыгышып коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Бул туурасында Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыл башынан бери 21 кылмыш жана 26 жоруктун бетин ачышкан. Ошондой эле кылмыштын изин суутпай 1 уурулуктун бетин ачкан. Жалпысынан 236 протокол толтурулуп, тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Кызыл-Кыя шаары боюнча коомдук жайларда тамеки заттарын тарткан атуулдарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 53-беренесинин негизинде 35 протокол түзүлгөн. Ошондой эле коомдук жайларда спирттик ичимдиктерин ичкен атуулдарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 81-беренесинин негизинде 27 протокол түзүлүп, айып пулдар салынган.