Баткен шаарынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова 2 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Кожонова Мактым өзү жашап жаткан үйүнөн 2020-жылдын 23-ноябрь күнү болжол менен саат 20:30дар чамасынды чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Бул факты Баткен ШИИБнин реестерине дайынсыз жоголуу беренеси менен катталып, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.