Парламентте медицина кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлбөй турганы айтылды

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда депутат Айнура Аскарова медицина кызматкерлеринин айлыгы кайсы булактан көбөйтүлө турганын сурады.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев: "Финансы министрлиги азыр каражат жок деди. Бул боюнча өзүбүздүн муктаждыгыбызды айттык", - деди ал.

Депутат "демек, 2021-жылы медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулабайт" деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muras111211
2020-11-25 23:56:17
Бул дегени умутунорду узгуло дегени да.
Пандемияда баарыңардын көз алдыңарга медиктер келди эле го ийне сайдырганга киши таппай.
Ал күндөр өттү кетти да ,унутулду.
Кудайым андай күндү башыбызга салбасын.
Бирок мээнетти актап коюш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан