Бишкек-Ош унаа жолунда үлпөт тойго чыккан лимузин кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Сузак райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Белгилүү болгондой, автокырсык бүгүн, 25-ноябрда катталды.
"Анда Базар-Коргон районунан чыккан лимузин Жалал-Абадды көздөй бара жаткан. Каршы тилкедеги Дэу Ласетти унаасынын айдоочусу алдыдагы унааны ашып өтөм деп лимузин менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесептинен Дэу Ласетти унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү денесинен жаракаттарды алып, Сузак аймактык ооруканасына жеткирилди. Жеринде тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.