Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Догдуркүл Кендирбаева 2012-жылдын июль айынан 2014-жылдын сентябрь айына чейин билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. 2014-жылдын ноябрь айынан тарта "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фондунда аткаруучу директору болуп эмгектенип келет.
Ал Кыргыз Мамлекеттик университетинин "тарых жана коомдук сабактар мугалими" адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.