Бишкекте той кортеждеринин 2 унаасы кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери той кортеждеринин 2 унаасын кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, катуу үн менен жол эрежелерин одоно бузган той кортеждери тууралуу видео тараган.

Бул авто унааларга чара көрүү боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында 2001-жылы туулган Б.А. аттуу айдоочуга таандык болгон эки унааны кармаган. Аларга 3 протокол түзүлүп, 30 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган. Учурда бул видеого тиешеси бар калган унааларды аныктап, аларды кармоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Милициянын кайгуул кызматы жол коопсуздук эрежелерин одоно бузган айдоочуларга мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, катуу чара көрөөрүн алдын ала эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан