Аргентина бийлиги дүйнөгө белгилүү футболчу Диего Марадонанын мезгилсиз көз жумгандыгына байланыштуу өлкөдө 3 күндүк аза күтүү күндөрүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, экс-футболчу менен коштошуу зыйнаты Буэнос-Айресте жайгашкан Каса-Росада президенттик сарайында өтөт. Маркумду акыркы сапарга узатууга 1 миллиондой күйөрманы келээри күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 25-ноябрда Италиянын "Наполи" командасынын жана Аргентина курамасынын мурунку оюнчусу Марадонанын жүрөгү күтүүсүздөн сокпой калып, каза болгон.