Америкалык мушкер Майк Тайсондун Рой Жонс менен боло турган беттеши үчүн канча гонорар төлөнөрү айтылды

Америкалык мушкер Майк Тайсон мушкер Рой Жонс менен боло турган беттеши үчүн 10 миллион доллар гонорар алат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, беттеш үчүн 54 жаштагы Майк Тайсон 10 миллион доллар гонорар алса, анын каршылашы Рой Жонс 3 миллион доллар алары айтылды. Бул акы төлөнүп берилүүчү каражаттын пайызын эске албагандагы суммалар.

Рой Жонс менен Майк Тайсондун беттеши 28-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында өтөт. Эки мушкер тең азыркы убакта алдыдагы беттешке кызуу даярданып жатышат.

Майк Тайсон өзүнүн акыркы беттешин 2005-жылы өткөргөн. Анда ал ирландиялык мушкер Кевин Макбрайдга жеңилип калган. Ал карьерасында жалпы 58 беттеш өткөрүп, анын 50сүндө жеңүүчү аталган.

Ал эми 51 жаштагы Рой Жонс акыркы беттешин 2018-жылы Скотт Сигмонго каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Жалпы карьерасында ал 77 беттеш өткөрүп, анын 66сында жеңүүчү аталган.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond
2020-11-27 02:33:25
Мага 10 млн берсе экөө менен тең боксташмакмын.
+8
Kattaldym
2020-11-27 09:00:29
bond,Бирөөнөн кийин экинчисине жетмек эмессиң го дейм). 10 миллионду көрбөй да калмаксың).
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан