Футболчу Диего Марадона эмнеден улам каза болгондугу белгилүү болду

Дүйнөгө белгилүү футболчу Диего Марадона жүрөк оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда жазылган маалыматка ылайык, футболчунун жансыз денесине экспертиза жүргүзүлгөндө, ал жүрөк оорусунан улам каза болгондугу белгилүү болгон. Мындан сырткары өпкөсүндө дагы көйгөйлөр жаралганы маалым болду.

Ноябрь айынын башында Диего Марадона медициналык кароодон өтүү үчүн ооруканага барган. Анда гемотома бар экендиги аныкталып, баш мээсине операция жасалган. Ал эми 12-ноябрда ал ооруканадан чыккан. Дарыгерлер анын операциясы олуттуу эмес экендигин билдиришип, футболчунун ден-соолугун жакшы дешкен.

Ага карабастан, ал үйүнө барган соң, өзүн жаман сезе баштаган. Дарыгерлердин жасаган аркеттеринен майнап чыкпай, футболчу 25-ноябрда каза болду.

Ошондой эле Аргентина бийлиги дүйнөгө белгилүү футболчу Диего Марадонанын мезгилсиз көз жумгандыгына байланыштуу өлкөгө 3 күн аза күтүү жарыялады.

Англис тилин 2-расмий тил кылуу сунушталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан