Ош шаарынын "Тешик-Таш" базарынан "Тазалык" ишканасынын кызматкеринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 25-ноябрь күнү эртең менен табылган. Анда кызматкерлер аталган жерде иш аткарып жатып, көрүп калышкан.
Ал 1961-жылы туулган жаран болгон. Жансыз денеге алгачкы кароо жүргүзгөндө ага карата күч колдонулган белгилер болгон эмес. Маркумду жакындары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан жана аларга өткөрүп берилген.