Милициянын кайгуул кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 20-ноябрь күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Анда белгисиз айдоочу, белгисиз унаа менен 2001-жылы туулган М.С. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү кыз жабыркап, 4-шаардык ооруканага кайрылган.
Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп, натыйжасында, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 37 жаштагы Ш.У. кармалган. Шектүү Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.