21-ноябрь күнү Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу "Тёплые ключи" санаториясында жүрөктүн үшүн алган өлүм катталган. Ал колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган, 19 жашка чыга элек Э.Ө. аттуу Кочкор районунун тургуну болгон.
SUPER.KG порталына маркум баланын атасы Өмүрбек Жумабаев менен байланышканда баласынын өлүмү "суицид"- деп айтылып жатканын айткан.
Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирүү таратты.
" Азырынча бул факты боюнча тигиндей же мындай деп айтуунун өзү эрте, жакында так жана туура маалымат берилет. Милиция айтып жатат деп эле жаза бербегиле. Эгер милиция айтса фактылар менен айтат. Анда кайсы милиция айтканын ачык жазгыла. Эч ким андай маалымат берген жок. Биз ыйгарым түрдө маалымат берели, азырынча бир топ деталдарды тактоо керек, ар бир кадам, ар бир жагдай аныкталып жатат, анан да экспертизанын жыйынтыгы - деген болот. Биз эгер маалымат берсек, ынанымдуу беребиз. Ошондуктан, сабыр кыла туруңуздар, толук, так жана конкреттүү жагдайларын ачыктап беребиз", - деп жазылган билдирүүдө.