реклама
super.kg logo

Колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылган жигиттин атасы: "Баламдын өлүмүн суицид деп жатышыптыр, бирок андай эмес"

 

21-ноябрь күнү Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу "Тёплые ключи" санаториясында жүрөктүн үшүн алган өлүм катталган. Ал колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган 19 жашка чыга элек Э.Ө. аттуу Кочкор районунун тургуну болгон. SUPER.KG порталы маркум баланын атасы Өмүрбек Жумабаев менен байланышып, окуя тууралуу кыска маалымат алды.

Каңырыгы түтөп, айласын таппай өлүкканада баласына жасалчу экспертизаны күтүп турган атага ашыкча суроо бере албай, айтып бергенин уктук.

"6-ноябрь күнү балам Бишкектин Кудайберген базарынан Гольф унаасын айдап, машинанын тетиктерин бир саатта алып келе калам деп үйдөн чыгып кеткен. Түшкө чейин телефону иштеп жатты, бирок биздин чалуубузга жооп берген жок. Түштөн кийин эле өчүп калды. Жаман ойлогон жокпуз, күтүп отурдук. Буга чейин антип жоголуп же дайынын билдирбей жүргөн учуру болгон эмес. Достору менен жүрөт дегендей кылдык. Кеч кирди. Досторуна чалып, акыры Ленин РИИБине келип арыз жаздык.

Түнкү саат 3кө чейин тергөөчү менен отурдук. Бирок майнап чыккан жок. Эртеси шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынына келип, балам жол кырсыгына кабылып, унаасы айып короосунда экенин билдик. Көрсө, түндө эле кызматкерлер унааны атайын программага сала койгондо дайыны билинмек экен. Кызматкерлердин билбестигинен биз жол кырсыгы тууралуу кеч билип калдык.

Баламдын унаасын жолдо башка унаа жөөлөп кетиптир, артынан балам кубалайт. Анан жөө өтмөккө келгенде маршруттук такси келип токтоп, анын артынан чыккан жүргүнчү баланы байкабай, тигил унааны кубалайм деп сүзүп алыптыр. Жабырлануучу бала азыр жакшы. Операция кылдырдык, ата-энесинин доосу жок. Алар деле балаңар аман табылып калсын, башкысы балабыз аман калды деп сүйлөшкөнбүз.

Ал эми милиция кызматкерлери баламды Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирип, андан кийин наркология борборуна алып барганбыз. Андан кийин качып кеткен деп айтышты. Анан өзүбүз издеп баштадык. Андан кийинкиси түшүнүксүз болуп калды. Анан 21-ноябрь күнү сөөгү табылды. (ыйлап)

Маркум 12-декабрда 19 жашка толмок.

"Баламдын ойлору абдан жакшы болчу. Кылбаганды кыла турган бала эле. Балам өзү окуп, контрагын өзү төлөп, жада калса инилерине да жардам берчү. Өзүмдүн 3 уул, бир кызым бар. Мен баламды жоготкон ата катары бул иш акыйкат жана дыкат текшерилүүсүн каалайм. Себеби, азыр бул окуя суицид - деп айтылып жатыптыр. Бул эч качан суицид эмес. Сүрөттү болсо көрдүңөр, кантип ушул өзүн өзү өлтүрдү дегенге ишенсе болот. Балам тентек же ушундай иштерди кыла турган бала эмес болчу. Андыктан мен акыйкаттыкты күтөм. Азыр эми ИИМ, Чүй ОИИББи ишти өз көзөмөлүнө алышыптыр. Мен алардан дагы суранып кетем, баары кылдат текшерилип чыксын", - деп сөзүн аяктады, маркумдун атасы.

Ал ортого баланын агасы кошулду: "Иним 9-класстан кийин Бишкек унаа-жол колледжин бүтүрүп, улантуу үчүн Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетине тапшырып, окуп жаткан. Айла жок, ушундай ажалга кабылды. Азырынча эч нерсе айта албайбыз. Себеби органдар териштирип жатышат", - деди ал.


кошулду





Өзбекстанда кыздын кыздык белгисин текшерген аялдарга кылмыш иши козголду

Автор: Айжанар Рыспек кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
24.11.2020. 13:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
13-10-2020
Соӊку аракети:
25-11-2020 20:27
Жынысы:
Белгисиз
+21
Жайы жаннатан Болсун куноокор тез арада табылып коомчулукга ачыктасын
24.11.2020. 13:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
15-05-2020
Соӊку аракети:
15-05-2021 12:59
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кантип суицид дештии?
24.11.2020. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
629
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
05-08-2021 16:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+22
Тообо колу менен бутун озу байлап асынып алыпбы?
bema_bema түзөттү 2020-11-24 13:55:21
24.11.2020. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
08-03-2017
Соӊку аракети:
01-07-2021 15:58
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эптеп ишти жаап коюш керек да,суицид деп.. айдан ачык көрүнүп турбайбы?! Колунда жок болсо ушуда ишин карабай аткандыр тергөөчү
24.11.2020. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
237
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
05-08-2021 23:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+17
Эгер ушуну суицид деп атышса, анда башка асылып олтурулгондорду оной эле жабышат окшот, сама убийсва дешип
24.11.2020. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
18-06-2021 22:02
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул жакта эксперт эмес адамга да корунуп турбайбы киши колдуу болгону
24.11.2020. 16:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-11-2020
Соӊку аракети:
28-12-2020 17:06
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушул жогору жактагылар адамдарды келесоо ойлошот э, адамга эмес айбанга белгилуу болуп жататго киши колдуу экени
24.11.2020. 20:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
25-04-2010
Соӊку аракети:
05-08-2021 16:33
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бироолор олтургону билинип эле турбайбы. Колу байланып турбайбы, кантип озун олтурмок эле?
25.11.2020. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
01-11-2012
Соӊку аракети:
02-07-2021 17:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
екатеринбург
+8
эгер ушул ишти суицид деп тыянак чыгарышса анда бул олкодо жашоо озу кооптуу жана окунучтуу
25.11.2020. 08:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
581
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
05-08-2021 12:47
Жынысы:
Белгисиз
+5
Суицид деп ишти жапкысы келген эксперттердин балдары дал ушунтип сиуцид болуп кетишсин, ошондо козу корбосо жон териси корот кантип суицид болгонун!
25.11.2020. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
27-08-2014
Соӊку аракети:
06-07-2021 11:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул күч органдарынын колунан келгендей өңдүү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
173360;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: