Өздөрүн "положенец" жана "смотрящий" деп атап алышкан. УКМКнын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо учурундагы видеосу

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар өздөрүн "положенец" жана "смотрящий" деп атап алган 32 жаштагы Э.Т. жана Э.К. аттуу жарандар.

2020-жылдын сентябрь айында шектүүлөр жеке ишкерге физикалык күч колдонуп, коркутуп Бишкек шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринде жайгашкан сатуу пунктун өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Ошол эле учурда, көрсөтүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүнүн кылмыштуу пландарын жана коркутууларын ишке ашыруу үчүн, ишкерди Бишкектин четине алып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды табуу аракеттери көрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asyl1998
2020-11-26 14:27:59
Азыркы ОПГларга каршы журуп жаткан операциясын толук колдойм. Бирок жанагы чон мамлеккеттик ууруларга алынар жетпейт экен
+5
Baatirbek81
2020-11-26 16:19:16
Азыр олтуруп чыкандын баары эле ОПГ болуп кетишкенби Теке баш болуп ты некто дешип эле!
+2
www.www
2020-11-27 19:27:44
ОПГнын учурдагы адилетсиздиктен, кыйынчылыктан улам милицияга, сотко арыздангандарды өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандарга чара көргүлө.
0
aiba.20201234567
2020-11-27 19:43:55
Эртереек оздукташ керек мамлекет бошурак болуп жаткандай ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан