Темирлан Султанбеков кайсы кызматка барды? Жунушалиев менен Опумбаевдин жоопкерчилигин кароо талабы коюлду. Күн ичинде саясатта орун алган окуялар бир шилтемеде

Бүгүн, 26-ноябрь. Күн сайын өлкөдө ар кандай окуялар орун алат. Алардын катарында саясий окуялар дагы бар. Кыргыз мамлекетинде алдыда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун өтүшү күтүлүүдө, Конституциянын жаңы редакциясы талкууга алынууда. Бир күндө кандай саясий окуялар болду? SUPER.KG порталы урунттуу саясий кабарлардын топтомун сунуш кылат.

Темирлан Султанбеков кайсы кызматка барды?

Парламенттик шайлоодо "Социал демократтар" партиясы менен депутаттыкка аттанган Темирлан Султанбеков жаңы кызматка келди. Жаш саясатчынын кайсы кызматка барганы көпчүлүккө кызык болсо керек. Анткени 22 жаштагы Темирлан Султанбеков шайлоого карата дебаттар учурунда өзүнүн бийликке болгон сын көз карашын ачык айтканы менен көптөрдүн көңүлүн бурган. Ал 10-октябрда Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, кайра бир нече күндөн кийин үй камагына чыккан. Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев социалдык тармактагы баракчасына Темирлан Султанбеков анын кеңешчиси болгонун жарыялады.

"Темирлан Султанбеков иним келди. Мага кеңешчи болуп, экөөбүз чогуу иштемей болдук. Шаарыбыз үчүн жакшы иштерди жасайлы деп, пландарды түздүк. Буюрса, жакшы иштерге күбө болосуздар. Карапайым элдин жашоо-турмушуна аралашып эле тим болбостон, элдин көйгөйүн чечүү жолдорун табалы дедик. Алган билимибиз менен топтоп жаткан тажрыйбаларыбыз элибиз үчүн болсо деген ак тилегибиз бар. Калктын казынасына кол салбай иштесе болорун далилдеп беребиз. Элдин бизге болгон ишеничин актайбыз. Адамдык абийирибизди сактайбыз. Асмандагы айды алып беребиз деп убада бербейбиз. Бирок ар бир адамдын жүрөгүнө чындык болуп киребиз", - деп жазган Ырсалиев.
Англис тилин экинчи расмий тил кылуу сунушталды
26-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү. Анда кеңешменин мүчөсү маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев экинчи расмий тил киргизүүнү сунуштады. Ал бул мамлекеттин өнүгүшүнө пайда алып келерин айтты.
"Дагы бир расмий тилди кошуу боюнча маселени карап көрүүнү сунуштайм. Конституцияда орус тили - расмий тил. Бул өз убагында абдан жакшы, туура чечим болгон. Орус тилин 10дон ашык мамлекетте колдоно алабыз. Дүйнөлүк процесске аралашабыз десек экинчи расмий тил катары, англис тилин киргизүүнү карап көрүү сунушун берем", - деди ал.
Ошол эле учурда Конституциялык кеңешмеде кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керектигин айтты. Ал кыргыздар эне тилин унутуп баратканын белгиледи.
Азыркы Конституциянын 10-беренесинде:
  1. Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат.
  2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.
  3. Кыргыз Республикасы Кыргыз элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.

Депутат күч органдарынын мурдагы жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну сунуш кылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова октябрь окуяларында ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери ишин таштап, качып кеткенин сынга алды.

"Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылгым келет. 6-7-октябрда өлкөбүз кыйын абалда турганда, дүйнөдө терроризм өкүм сүрүп турганда элдин алдында ант берген ошол кездеги УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев мекенди таштап качып кеткендиги боюнча иш козголгон жок. УКМКнын төрагасы улуттун коопсуздугун сактай турган адам. Бул эң жогорку деңгээлдеги жазага татыктуу болуп эсептелинет. Булардын жоопкерчилигин карашыбыз керек", - деди Орозова.

8-октябрда Курсан Асанов маалымат жыйын өткөрүп, Кашкар Жунушалиевдин качып кеткенин билдирген.

Ноябрдын башында маалымат жыйын уюштурган башкы прокурор Курманкул Зулушев УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайда экени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз экенин айткан.

Газдын баасын рублга же сомго которуу талабы айтылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сагындык Келдибаев газдын баасын рублга же сомго которуу маселесин тез арада карап чыгуу керек экендигин айтты.

"Биздин өлкө ЕАЭБге мүчө болгондон кийин эмне себептен газдын баасын рулбга же сомго которо албайбыз? Доллардын курсу көтөрүлгөн сайын газдын баасы көтөрүлүп жатат. Буга чейин бир канча жолу айтканбыз. Сүйлөшүп жатабыз дешет, бирок жыйынтык жок. Кошуна өлкөлөрдө газдын баасы 3-4 сом. Бул маселени тез арада чечүү керек", - деди ал.

Ушул жылдын апрель айында "Газпром-Кыргызстан" компаниясы доллардын көтөрүлүшүнө байланыштуу жаратылыш газынын калкка жана ишкана-уюмдарга сатыла турган баасы жогорулаганын жарыялаган. Ошол кездеги вице-премьер-министр Эркин Асрандиев ЕАЭБдин алкагында газ менен мунайдын баасын долларга байлабай, улуттук валютада эсеп-кысап жүргүзүү боюнча маселе коюлганын айткан.

Конституциялык кеңешменин курамы кеңейтилди

Конституциялык кеңешменин курамына 10 адам кошулду. Конституциялык кеңешменин ишине катышууну каалагандар көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана конституциялык реформаны ишке ашырууда бардык тараптын пикирин эске алуу максатында анын курамы өзгөртүлүп, анын курамы кеңейтилди. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду. Канат Керезбеков үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кеңешменин курамынан чыгарылды.

  1. Чолпонбек Абыкеев - коомдук ишмер;
  2. Мурат Укушев - көз карандысыз эксперт, конституционалист;
  3. Алмамбет Шыкмаматов - Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
  4. Толекан Исмаилова - "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун директору;
  5. Мурат Карыпов - тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, "Плюрализм" гезитинин редактору;
  6. Айдарбек Мамбеткадыров - көз карандысыз эксперт-юрист;
  7. Асел Абакирова - юридика илимдеринин кандитаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;
  8. Кантемир Мурзабеков - Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
  9. Муратбек Иманкулов - Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;
  10. Таалайбек Шамурзаев - Б. Ельцин атындагы КРСУнун Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.

Эске салсак, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. 3 күндөн президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун буйругу менен Конституциялык кеңешме түзүлүп, ошол күнү алар ишке киришкен.

Конституциялык кеңешме конституциялык түзүлүштүн концепциясын, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери, мамлекеттик бийликтин системи, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруу жана чектөө, ошондой эле башка маселелер боюнча талкуу жүргүзөт.

Талкуунун жыйынтыгында Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңешке "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча сунуштарды киргизет.

25-ноябрда күн ичинде саясат айдыңында орун алган урунттуу окуялардын топтому менен бул шилтемени басып таанышыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан