Депутат Сагындык Келдибаев газдын баасын рублга же сомго которуу маселесин тез арада карап чыгуу керек экендигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биздин өлкө ЕАЭБге мүчө болгондон кийин эмне себептен газдын баасын рулбга же сомго которо албайбыз? Доллардын курсу көтөрүлгөн сайын газдын баасы көтөрүлүп жатат. Буга чейин бир канча жолу айтканбыз. Сүйлөшүп жатабыз дешет, бирок жыйынтык жок. Кошуна өлкөлөрдө газдын баасы 3-4 сом. Бул маселени тез арада чечүү керек", - деди ал.